Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:12

TI: Кыргызстанда коррупция азайган жок


Кыргызстанда коррупциянын деңгээли ошо бойдон калууда. Бул тууралуу Transparency International эл аралык уюму билдирди. Былтыр Кыргызстан коррупциянын көрсөткүчү боюнча 177 өлкөнүн ичинен 154-орунду ээлеген. Быйыл 150-орунда, бирок алган баллынын саны боюнча ошол эле бойдон калууда - 24 балл.

"Бул коррупциянын жайылышына ыңгайлуу шарт дагы эле бар болуп жатканынан кабар берүүчү кооптуу факт. Бийликтин аракети коррупциянын түпкү себеби эмес, анын кесепети менен күрөшүүгө гана багытталып жатат", - деп айтылат Transparency International уюмунун билдирүүсүндө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG