Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Оштогу митинг боюнча кылмыш иш козголду


Ош шаарында 2-декабрда митинг учурунда орун алган окуяга байланыштуу кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Аталган министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында:

- Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш кодексинин 297 (конституциялык түзүлүштү күчтөп өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо, 341 (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча кылмыш иш козголду.

Кечээ, 2-декабрда Оштун борбордук аянтында митинг өттү. Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, ага 4-5 миңдей киши катышты. Алар оппозициячыл депутат Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылды. Милициянын маалыматында, акция учурунда эки жолу акимчиликти басып алуу аракети жасалып, имаратты кайтарып турган милиция кызматкерлерине таш ыргытылып, алардын 14ү жабыркаган.

Келдибеков 20-ноябрда коррупцияга шектелип камалган. Өзү бул айыпты негизсиз деп атоодо. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG