Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Украина: Оппозиция өкмөттү кетире алган жок


Украинада оппозиция өкмөттү отставкага кетире алган жок. Жарым саат мурда парламентте добуш берүү болуп, оппозиция сунуштаган токтомдун өтүшүнө 40 добуш жетпей калды.

Премьер-министр Николай Азаров парламентте сүйлөгөн сөзүндө Евробиримдик менен алака түзүү боюнча кадамдар уланып жатканын билдирди:

- Биз эркин соода аймагы боюнча макулдашуунун шарттары тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантабыз деп макулдаштык. Ишенип койгула, Украинанын тагдыры жана келечеги мына ушунда, - деди Азаров парламентте оппозициянын нааразы добуштарынын фонунда сүйлөп жатып.

21-ноябрда украин өкмөтү Европа Биримдиги менен келишимге кол коюуга даярдыкты токтотконун оппозиция "украин элине карата саткынчылык" деп атаган. 30-ноябрда "евроинтеграциянын" тарапкерлеринин митингин бийлик күч менен тараткан болчу. Дүйшөмбү күнү Киевде демонстранттар өкмөттүк башкы имаратты жана анын айланасындагы көчөлөрдү курчап алып, мамлекеттик кызматкерлерди ишке киргизбей койгон. Толкундоолор каптаган Украинада президент Виктор Янукович Евробиримдик менен сүйлөшүүнү кайра жандантуу ниетин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG