Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Жылына 500 миң киши омурткасынан мертинет


Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы отчетунда берилген маалыматка ылайык, жылына 500 миң киши омурткасынан мертинип, бирок тийиштүү дарыланууга алынбай майып болуп калат. Алардын 90 пайызы жол кырсыгынан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар. 20-29 жаштагы эркектер менен 70 жаштан өткөн карыялар омурткасын оорутуп алгандардын башында турат. Аялдар үчүн мындай коркунуч 15-19 жашында жана 60 жаштан кийин жаралат.

Омурткасы ооругандардын көбү өнөкөт илдетке кабылып, 30 пайызы депрессиядан жабыркайт. Ошондой эле алар кан тамырлардын бүтөлүп калуусу, заара чыгаруучу органдарда инфекция, дем алуу органдарынын начарлоосу сыяктуу кошумча дарттарга дуушар болушат. Омурткасынан жабыркагандар коомчулукта майып катары кабылданып, көбү медициналык жактан жакшы тейленбей жарааттар ырбап кетет деп жазылат аталган отчетто. (BCh)

XS
SM
MD
LG