Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Балыкчы шаарынын мэри кызматынан убактылуу четтетилди


Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Кѳл облустук администрациясынын басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Анын айтуусунда, Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков өкмөттүн облустагы өкүлүнүн буйругу менен 3-декабрдан тартып кызматынан убактылуу четтетилди.

Мэрдин кызматынан убактылуу четтетилүүсүнө, ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде Ысык-Көл облустук прокуратурасынын 2013-жылдын 25-ноябрындагы токтому негиз берген. Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков тергөө амалдары жана сот териштирүүсү бүткөнчө кызматына кирише албайт.

Мирлан Бообеков өзү козголгон кылмыш иштери боюнча күнөөлүү эместигин, соттук териштирүүдө баары ачыкталарын билдирүүдө.(MK/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG