Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

БГУда Айтматовго арналган жыйын өтүүдө


Бүгүн Бишкек гуманитардык университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган жыйын өтүүдө. "Ааламды багынткан Айтматов" деген темада өтүп жаткан жыйынды аталган окуу жайдын Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институту уюуштурган. Алгач студенттер жана окутуучулар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, жазуучунун эстелигине гүл коюп, таазим этишти. "Тегерек стол" жыйынында Айтматовдун чыгармаларынын философиясы, тарбиялык мааниси талкууга алынууда. Иш-чаранын катышуучуларынын назарына кинорежиссер Бекболот Айдаралиевдин Айтматов жөнүндө тарткан жаңы тасмасы сунушталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" БГУнун окутуучусу Светлана Шералиева кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG