Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Акыйкатчы бийлик менен оппозицияны диалогго чакырды


Кыргызстандын акыйкатчысы Бакытбек Аманбаев бийлик менен оппозицияны диалогго чакырды. “Бийлик менен оппозиция диалог столуна отуруп, абалдан чыгуунун эки тарапка тең ыңгайлуу жолун иштеп чыгышы керек. Акыйкатчы коррупция менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатты колдойт жана кармалган депутат Ахматбек Келдибековдун күнөөлүү же күнөөсү жоктугу мыйзам алкагында гана аныкталышын жактайт” деп айтылат акыйкатчынын билдирүүсүндө.

Коррупцияга шектелип камалган депутат Келдибековдун тарапкерлери 2-декабрда Оштун борбордук аянтында митинг өткөрүп, милициянын маалыматында, эки жолу акимчиликти басып алуу аракетин жасаган. Бул окуя боюнча 3-декабрда кылмыш иш козголду. Депутаттын жактоочулары ал негизсиз камалганын, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү бир жактуу болуп жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG