Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

ЕККУ кеңсесинин алдында Бакиев боюнча акция өттү


Бүгүн Бишкектеги ЕККУ кеңсесинин алдында нааразылык акциясы өттү. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Курманбек Бакиевдин сүрөтүн бетине маска кылып кийип, анжиян полькасын бийледи. Муну менен ал ЕККУну Бакиевди Бишкекке алып келип соттоого көмөктөшүүгө үндөгөнүн "Азаттыкка" айтты. Апрел окуясында токсонго жакын кишинин өлтүрүлүшү боюнча мурдагы президент Бакиев сыртынан соттолууда. Айрым маалыматтар боюнча, учурда ал Минскте жашайт. Президент болуп турганда Бакиев "Ала-Тоо" аянтында эл алдына чыгып анжиян полькасын бийлеген видеосу интернетке тарап, коомчулук арасында түрдүү реакция жараткан болчу. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG