Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32
АКШнын вице-президенти Жо Байден бүгүн Пекинге келди. Ал Кытайдын борбор калаасында өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сүйлөшүүнүн башкы темасы - Чыгыш-Кытай деңизиндеги Кытай тарабынан киргизилген аба кемелерин таануу боюнча пикир келишпестиктер. Бул деңизде Кытай менен Жапониянын ортосундагы талаштуу аралдар жайгашкан.

Байден аталган маселе боюнча буга чейин тынчсыздануусун билдирген Кытайдын Коргоо министрлиги 23-ноябрдан тарта атайын зона деп жарыяланган аймакка толук көзөмөл киргизерин жарыялаган.

Бул аймакта мурун Жапониянын, Түштүк Кореянын, АКШнын аскердик учактары Кытайдын уруксатысыз эле учуп жүргөн. Азыр Кытай бардык тараптардан учуу планын талап кылууда. Кээ бир учурларда Кытай учактарды таануу үчүн согуш учактарын учураарын эскертүүдө (AiK).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG