Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Байден: Эки тараптуу мамилени өнүктүрүү керек


Кытайда иш сапары менен жүргөн АКШнын вице-президенти Жо Байден Пекинде Кытайдын вице-президенти Ли Юаньчао менен жолукту жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү керек экендигин белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы - жакында аба кемелерин таануу үчүн Чыгыш-Кытай деңизинде Кытай тарабынан киргизилген атайын аймак боюнча пикир келишпестиктер. Ал жакта Кытай менен Жапониянын ортосундагы талаштуу аралдар жайгашкан.

Байден буга чейин аталган маселе боюнча терең тынчсыздануусун билдирген. Кытайдын Коргоо министрлиги 23-ноябрдан тарта атайын зона деп жарыяланган аймакка толук көзөмөл киргизерин жарыялаган.

Бул аймакта мурун Жапониянын, Түштүк Кореянын, АКШнын аскердик учактары Кытайдын уруксатысыз эле уча алышчу. Азыр Кытай бардык тараптардан учуу планын талап кылууда. Кээ бир учурларда Кытай учактарды тааныш үчүн согуш учактарын учураарын эскертүүдө. (AiK)

XS
SM
MD
LG