Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:10

УКМК: Сарууда күч колдонулган эмес


Саруу айылынын тургундарына күч колдонулуп жатканын тастыктаган бир да далил жок. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты. Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Гүласал Садырбаева Саруу айылынын тургундары "митингге чыккан жаш балдарды тартип коргоо кызматкерлери сабап, күч колдонуп жатат" деп айтканын билдирген болчу.

Быйыл 7-октябрда Жети-Өгүздүн Саруу айылында башталган Кумтөр боюнча нааразылык акциясы Караколдо уланып, башаламандык менен аяктаган. Ошондо кармалган сегиз киши Бишкекте соттолууда. Саруунун өзүндө абал тынч, бирок нааразылык акциялары утур-утур чыгууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG