Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Атамбаевдин алгачкы эки жылы


Алмазбек Атамбаев президенттик кызматына киришүүдөгү ант берүү аземинде, 1-декабрь, 2011.
Алмазбек Атамбаев президенттик кызматына киришүүдөгү ант берүү аземинде, 1-декабрь, 2011.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришкенине эки жыл болду. Алты жылдык мөөнөткө бир ирет шайланган Кыргыз президентинин алгачкы эки жылы кандай өттү?

"Адамдар пара алгандан корккудай кылам"

Коррупцияга каршы ачык күрөш башкы максаттарынын бири экендигин Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы чыгаары менен 2011-жылдын 31-октябрында "Форум" борборундагы жолугушууда дароо журналисттерге жарыялаган:

- Мен өлкөнүн өңчөй жогорку жетекчилиги менен иш алып бара турган коррупцияга каршы күрөш кызматын түзөм. Адамдар пара алгандан корккудай болушу керек. Мен Кыргызстан инвесторлор, ишкерлер үчүн бейиш болгудай кылууга аракет жасайм.

Кумтөр, Жерүй баштаган ири кендердин айланасында жаңжалдар акыркы эки жылда күчөп, анын айынан инвесторлордун карааны солгундаган Кыргызстан инвесторлордун бейишине айланат деп азыр эч ким айта албайт. Бирок “коррупциянын сазайын” мөөнөтү бүткүчө дагы далай берээрин президент 3-декабрда Чүйдөгү жолугушуулардын биринде дагы бир ирет убада кылды.

Оштогу митинг, 2-декабрь, 2013.
Оштогу митинг, 2-декабрь, 2013.
Мындай билдирүүнү Атамбаев “Ата-Журт” фракциясынын депутаты, парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун тарапкерлери анын камалышын саясий себепке байлап, мыйзамсыз кадамдарга барарын бийликке эскертип жатканда жасады. Ошентип экс-спикер жана оппозициялык күчтөрдүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Акматбек Келдибековдун камакка алынышы коррупцияга каршы күрөшкө саясий түс берип, оппозициядагы атаандаштарын алсыздандыруучу амал катары чечмелене баштады.

Мындай маанайдын жаралышына “Ата-Журттун” башка үч депутатынын (К. Ташиев, С. Жапаров, Т. Мамытов) Ак үйдү басып алууга аракет кылды деген айып менен былтыр камалып, депутаттык мандаттан ажыратылышы, депутаттар Нурлан Сулаймановго, Курманбек Осмоновго кылмыш иштеринин козголушу шыкакчы болуп, “Эмне үчүн жалаң “Ата-Журттун мүчөлөрү?” - деген суроону жаратты.

Жарандык коомдун өкүлү Рая Кадырова президентке оппозиция коюп жаткан дооматтарда жүйөө бар, анткени, аттуу-баштуу кишилерди камоо аркылуу коррупцияга каршы туруу мүмкүн эмес дейт:

- Акыркы чуу жараткан Келдибековду кармоо бир жагынан кубаттоого татыды, анткени бул бийик деңгээлдеги саясатчы, экинчи жагынан бул келерки шайлоодо президентке атаандаш боло турган саясатчы деген сөз кетти. Ошондуктан көпчүлүк, эгерде бул чын эле коррупцияга каршы күрөш болсо аны КСДПдан баштоо керек эле дешти. Ал эми акыркы, КСДП лидерлеринин бирине, шаар мэрине иш козголушу позитивдүү кабылданды, себеби тең салмактуулук бар. Эми анын жыйынтыгын кароо керек. Жөн эле куру шапалак болбошу керек.

Коомдук-саясий чөйрө акыркы күндөрү Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов баштаган бийликчил бир катар саясатчыларга каршы кылмыш иштеринин козголуп жатышын калктын оппозициячыл тарабын алаксытуучу ишара катары баалап турат.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Нариман Түлеевдин камалышы коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы жылындагы эң эле чуулгандуу, коомчулукка сес көрсөткөн окуялардын бири болгон. Бул жылы ушул эле коррупциялык иштер үчүн деп "Альфателеком" жабык акционердик коомунун, “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы мүчөсү Равшан Сабиров баштаган Социалдык коргоо министрлигинин жетекчилеринин камалып, соттолушту.

Кыжаалат кылган "Кумтөр" жана илгерилебеген экономика

“Кумтөр” маселеси Атамбаевдин ички саясаттагы дагы бир баш оорусу болууда. Канадалык ишкана менен Кыргыз өкмөтү ортосундагы мурдагы келишимдерди Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен кайра карап чыгуу жараяны узарып, чуулуу окуялар менен коштолуп келатат жана ал качан бир ыктай чечилери азыр беймаалым.

Саруудагы нааразылык акциядан, 26-ноябрь, 2013.
Саруудагы нааразылык акциядан, 26-ноябрь, 2013.
Буга байланыштуу өзүнүн бушайман оюн президент Би-би-синин кыргыз кызматына өткөн айда берген интервьюсунда билдирген:

- Бул саясий оюн болуп кетти. Бул саясий оюндан кантип чыгабыз деп мен деле ойлонуп атам. Мен деле ойлоп турам, "Центерра" Кыргызстанга, “Кыргызалтынга” 67 процент бербейт. Бирок элди дүрбөтүп алдык. Ошол атайын кылгылыкты кылып, 2003-жылы элди бузгандарга эл азыр ишенип алды, чын эле биз алышыбыз керек деп.

Президент бүгүн Конституциядагы укуктарын так сактабай, экономикага киришип жатат, экономикада болсо жылыш жок деген да сынга кабылууда.

Рая Кадырованын пикирине караганда, Атамбаев алгачкы эки жыл ичинде эркин көрсөтүп, бир топ саясий чечимдерге барды, бирок анын экономикалык кесепеттерине маани бербей койду. Муну АКШнын аба аскерий базасын чыгаруу чечими менен негиздеген эксперт экономикалык өксүк артып отурса, ал үчүнчү ыңкылапка жеткириши ажеп эмес деп эсептеди:

- Бул экономикалык жактан өтө олуттуу жоготуу. Албетте, саясий жактан биз макулдашууларды так сактаарыбызды дүйнөгө далилдедик. Ооба, биз Бакиевдей кылбай, 2014-жылы база кетет дедик. Бирок мунун экономикалык жагы кандай? Эки ыңкылапты эске алсак адамдарды саясатка караганда экономика көбүрөөк козгогон. Ыңкылапты негизинен жардылангандар жасаган.

Орусияга таянган тышкы саясат

Анткен менен АКШ аба-аскерий базасын Кыргызстан аймагынан чыгаруу чечими аркылуу президент бир жагынан шайлоочулар алдында зоболосун көтөрүп, экинчи жагынан шайлангандан кийинки “Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, мен Бакиевдердей Орусияны сатпайм” деген убадасын аткаргандай болду.

Транзиттик борбордогу АКШ аскерлери.
Транзиттик борбордогу АКШ аскерлери.
Мунун артынан кийинки кадамдар жасалып, натыйжада, Камбар-Ата-1 ГЭСин, Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу боюнча Кыргызстан-Орусия келишимдери түзүлдү. Орусия мурдагы бийликтин учурундагы 500 миллионго жакын доллар карызды баскыч-баскыч менен кечүүгө макул болду. “Кыргызгаз” ишканасын "Газпромго" бир долларга сатууну, Бажы биримдигине кирүүнү колдоо аркылуу дагы Атамбаев өз бийлиги тушунда Орусияга таянарын тастыктады.

Тышкы саясатта Атамбаев кошуна Кытай жана Түркия менен да жылуу мамиле түздү. Саясий ишмер Мухамад Салих маселен, Атамбаевди түрк дүйнөсүнүн бирдиги үчүн аракет кылып келаткан саясатчы катары билээрин жана баалай тургандыгын “Азаттыкка” айтты. Түркия Кыргызстанга акыркы эки жылда 50 миллион долларга жакын карызын кечип, 100 миллион доллар каржылык колдоо көрсөтттү. Кытай Датка-Кемин подстанциясы сыяктуу ири курулуштарды, жол курулуштарынын каржылоодо. Бул өңдүү жылыштардын бардыгы Алмазбек Атамбаевдин президенттик кубатын арттырганын талдоочулар белгилешүүдө.

Президентти ашык сүйлөйт деп сындашат

Казакстандык серепчи Амиржан Косановдун баамында, Атамбаев өлкөнүн тынчтыгын камсыз кылууга аздыр-көптүр салым кошо алды:

- Кыргызстандын президентин биз түшүнүп турабыз. Анткени ал калктын нааразылыгын туудурган эки ыңкылаптан кийин бийликке келип отурат. Коом кызуу. Өзгөрүү болуп кетиши ыктымал. Ошондуктан коомдогу туруктуулук, тынчтык жаатында бул президент иш жасап жаткан сыяктуу.

Ошол эле мезгилде Атамбаевдин бийлиги тушунда үй-бүлөлүк, авторитардык башкаруудан өлкө алыстады, бирок партиялык жеке басарлык күчөдү деген пикирлер коомчулукта жашап жатат. Атамбаев өзү болсо президенттик мөөнөтү бүтөөрү менен кызматтан кетерин жер-жерлердеги жолугушууларда байма-бай айтып келатат. Талдоочулар арасында жөнү жок мындай кайталоолор президенттин өзүндө ички ишеним аз экендигинен кабар берет деген пикирлер бар.

Парламенттеги башкаруучу КСДП партиясынын негиздөөчүсү Алмазбек Атамбаевди санаалаштары дымагы күч, кыялы чукул, оюна келгенин бербеген өжөр, күрөшчүл адам катары сыпатташат. Ошол эле мезгилде саясатчыга таандык эмес, чукул айтылган оргу-баргы сөздөрү, билдирүүлөрү ылакапка айланып, айрым учурда сынга да кабылып жүрөт.

Президенттин мурдагы партиялашы Кубанычбек Кадыров маселен, президенттин жер-жерлерде сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндүлөрдү келтирип, ”Барпынын эли, Сузактын эли, Саруунун эли бандиттер, террористтер дегени - чоң кемчилик”, - деп сындады.

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги 2017-жылы аяктайт. Президент өз бийлигинин акырына чейин өлкөдө стабилдүүлүк толук орнойт жана экономикалык секирик жасалат деген убадасы аткарылабы - жокпу аны мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG