Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

“Манас” үчилтиги ЮНЕСКОнун тизмесине кирди


“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди. Мындай чечим 4-декабрда аталган уюмдун Бакудагы өкмөттөр аралык 8-отурумунда кабыл алынды.

ЮНЕСКОнун көмөкчү орган төрагасы Ахмет Конти жасаган баянында “үчилтиктин кыргыз элинде биримдиктин, ынтымактын, атуулдуктун символу катары маанилүү экенин жана “Манас” кыргыз элинин салт-санаасын, маданиятын, үрп-адатын көрсөтүп тураарын” белгиледи. Үчилтикти Кыргызстандын атынан бул тизмеге кошуу тобунун башчысы, ЖК депутаты Карганбек Самаков отурумдун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Аягында кыргызстандык кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов жана башка бир катар манасчылар эпостон үзүндүлөрдү айтып беришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG