Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:35

Ошто бүгүн карама-каршы митингдер болору күтүлүүдө


Акматбек Келдибековдун бир нече күндөн бери шаардагы борбордук аянтта мөөнөтсүз акция өткөрүп жаткан тарапкерлери бүгүн бийликтен үч күн мурда койгон талабына жооп күтүшмөкчү. Бул тууралуу акциянын уюштуруучулары “Азаттыкка” билдиришти. Ошондой эле бүгүн Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго каршы нааразылык акциясы да күтүлүүдө. Бул маалыматты Ош шаардык милициясы тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

3-декабрь күнү Ош шаарында Акматбек Келдибековдун тарапкерлери аны камактан бошотууну талап кылып чыгышкан. Чогулган элдин алдына шаар мэри Мырзакматов чыгып, милиция кызматкерлеринин элге кол көтөрүүгө акысы жок экенин айткан. Чогулгандардын арасынан айрымдары облустук акимчиликтин имаратына кирүүгө аракет кылып, милициянын тосмосунан өтө алышкан эмес. Акциянын уюштуруучулары болсо имаратка кирүү аракеттери болбогонун, бул атайын уюштурулган чагым экенин айтышкан. Ал күнкү башаламандык учурунда 14 милицияга таш тийген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG