Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Кара-Кечедеги кылмыш боюнча милицияга иш козголду


Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан ИИМдин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Нарын облустук ИИБнын атайын отрядынын үч кызматкерине “киши өлтүрүү” жана “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратурадан “Азаттыкка” маалымдашкандай, аларга карата кылмыш иши маркумдун атасынын арызынын негизинде козголгон. Маалыматка ылайык, Жумгал райондук прокуратурасына Чаек айлынын тургуну Бейшенкул Мамбеталиев кайрылып, 1-декабрь күнү Кара-Кече көмүр кенине кире бериште милиция кызматкерлери уулу Айбек Мамбеталиевди сабашканын, ал алган жараатынан ооруканага жетпей жолдон каза болгонун билдирип, анын өлүмүнө тиешеси бар милиция кызматкерлерине чара көрүүсүн өтүнгөн. Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында үч милиционер кармалып, Кочкор РИИБнүн убактылуу камоо жайына киргизилген.
Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG