Оштун Кара-Суу районунда жол кырсыгында төрт адам набыт кетти. Окуя өткөн түнү Бишкек - Ош унаа жолунун 635-чакырымында Жаңы-Арык айылынын тушунда болгон. Honda жеңил унаасы катуу ылдамдыкта келатып жол боюнда турган Камазды сүзгөн. Жеңил машинанын ичиндеги төрт адамдын баары каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. (RK)