Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Парламентте Келдибеков боюнча комиссия түзүү сунушталууда


Жогорку Кеңеште Келдибеков боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталууда. Парламенттин бүгүнкү отурумунда "Ата-Журт" фракциясынан депутат Абдимуталип Кочкорбаев "маалымат бир тараптуу кетип жаткандыгына байланыштуу, адилеттик үчүн" ушундай комиссия түзүп, "Келдибековдун пикирин биз тараптан да иликтеп койсок ашыкча болбос" деди.

Төрага Асылбек Жээнбеков мындай демилге парламентте буга чейин да көтөрүлүп, бирок колдоо таппаганын билдирди.

- Бюджет жана финансы комитетинде (бул комитетте Акматбек Келдибеков төрага болчу - ред.) жумушчу топ түзүлүп, сиз айтып жаткан тартипте иштеп жатыптыр. Бир жыйынтыкка келгенде анан парламентке чыгарсак, - деди Жээнбеков.

Коррупцияга шектелген депутат Келдибеков өткөн айда УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Депутаттын жактоочулары ал негизсиз камалганын, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү бир жактуу болуп жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG