Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Кайыпов: Кара-Кечени тартипке келтирем


Аманбай Кайыпов, Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү.
Аманбай Кайыпов, Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү.

Өкмөттүн Нарын облусундагы жаңы дайындалган өкүлү Аманбай Кайыпов алгачкы иштерин Кара-Кече көмүр кениндеги көйгөйлөрдү чечүүдөн баштаарын “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

“Азаттык”: Мындан бир-эки ай мурун нарындыктар “Муратбеков кетпесин” деп митингге чыгышканда, сиздин бул орунга келериңиз тууралуу кептер чыккан. Бул кызматты өкмөт башчы өзү сунуштадыбы же партиянын чечими болдубу?

Кайыпов: Мага чейин бул кызматта отурган Канатбек Муратбеков жакшы иштеп кетти. Мени болсо бул жумушка партия сунуш кылды. Өкмөттүн буйругу менен кызматка дайындалдым.

“Азаттык”: Демек, бул алдын ала пландалган кадамдар десек болобу?

Кайыпов: Эми алдын ала деле пландалган эмес. Сунуштар түшкөн, ар нерсенин өзүнүн убагы, сааты бар экен, ушундай чечим кечээ кабыл алынды.

“Азаттык”: Коомчулук сиздин келишиңизди саясат менен байланыштырып жатат. КСДП шайлоого чукул жер-жерлерге өз адамдарын дайындай баштады деген кептер чыгууда...

Кайыпов: Мен кечээ эле жумушка кириштим. Партия мага Нарын облусунун экономикасын көтөрүү керек деген гана тапшырма берди. Бул жерде эч кандай саясат жок.

“Азаттык”: "Жакшы иштеди" деп эл баалаган жетекчинин ордуна келип иштеген кыйын болсо керек. Өзүңүздүн пландарыңыз менен келдиңиз да?

Кайыпов: Эми жакшы ой-максаттар көп, анын баарын азыр айтууга эрте. Себеби, баарын иш менен көрсөтүү керек. Бирок негизги максатыбыз - бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды бириктирүү. Президентибиздин демилгеси болгон 2013-2017-жыл мезгилиндеги туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыкты. Ошол жерде Нарын облусунун көп көйгөйлөрү камтылган, буюрса эл менен чогуу баарын ишке ашырабыз.

“Азаттык”: Дегеле Нарын облусунун өнүгүшүн кайсы тармактан көрө аласыз?

Кайыпов: Мал чарбасын, айыл чарбасын өнүктүрүү керек. Мен келечекте сырттан инвесторлорду тартып, чакан ишканаларды курсакпы деп ойлоп жатам. Себеби, биздин дыйкандар, малчылар өндүргөн продукциясын оңой өткөргөнгө шарт түзүлмөк. Анан албетте, Жогорку Нарынга курулуп жаткан ГЭСтерди айтсак болот. Ал ГЭСтердин салынышы менен көптөгөн жумуш орундары пайда болот. ГЭСтер бүтсө абдан жакшы болот деп ойлойм.

“Азаттык”: Кара-Кече көмүр кениндеги көйгөй чечилбей келет. Акыркы ок атышуу, адам өлүмү менен коштолгон окуялардан кабардар болсоңуз керек. Бул маселени кандай жол менен чечкени жатасыз?

Кайыпов: Мен жумушумду ушул көйгөйдөн баштадым десем болот. Жумгал районунун акимин чакырып, облустук милициянын башчысы, күч түзүмдөрү менен биргеликте сүйлөшүп жатабыз. Кандайдыр бир чечим чыгаруу алдында иликтеп, изилдеп алсак, келерки жумада Жумгал эли менен жолугуп, андан ары Кара-Кеченин өзүнө барам. Жеринен баарын көрүп, ал жактагылар менен сүйлөшүп, тартипке келтиребиз. Болбосо ошол жактагы башаламандык айынан мекемелерге көмүр жетпей жатат.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG