Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Сариев: Мырзакматов кайра келиш үчүн кетти


Мелис Мырзакматов Оштун мэрлигине кайра кайтып келиш үчүн кетти. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" саясат талдоочу Марс Сариев билдирди:

- Мырзакматов менен борбордук бийликтин ортосунда компромисc болду. Мырзакматов саясатчы катары кырдаалды абдан жакшы түшүнүп турат. Ал азыркы учурда Акматбек Келдибеков менен тандем түзүп, биротоло оппозицияга кетсе утулуп калаарын билип турат. Андан көрө күтө туруп, Ош мэрин шайлоого өзүнүн талапкерлигин коюп, утуп чыгып, кайра келиши мүмкүн. Анткени андан башка талапкер бул шайлоодо ута албайт деп ойлойм. Азыркы жагдайда бийлик утуучу позицияда болуп турат, - деди Сариев. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG