Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:24

Киевде ЕККУ жыйыны өттү


Киевде миңдеген демонстранттар шаардын борбордук аянтында өкмөттүк имараттарды блокадалоону улантууда. Оппозициячыл депутаттар бүгүн кайрадан парламенттик сессияны үзгүлтүккө учуратышты.

Ал арада өкмөт башчысы Микола Азаров Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюмунун Киевдеги министрлер жыйынында сүйлөдү. Ал «демократия өнүгүп жаткан өлкөдө демонстрациялар кадыресе көрүнүш» деди. АКШнын мамлекеттик катчысы ЕКУУнун жыйынын келбей койду.

Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле кечээ Киевдеги Көз карандысыздык аянтында болуп, «Европанын дарбазасы Украина үчүн али жабыла элек» деген эле. Украина Европа биримдиги менен кызматташуу келишимине кол койбой калгандан кийин демонстранттар өкмөт башчысынын кызматтан кетишин жана чукул шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG