Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Мырзакматовдун тарапкерлери Ош мэриясына чогулду


Бүгүн Ош шаардык мэриясынын алдына эки жүздөй киши чогулуп, Мелис Мырзакматовдун кайда экенин, ал кызматтан эмне себептен алынганын түшүндүрүүнү талап кылды. Кабарчыбыздын айтымында, милиция чогулгандарды имараттын ичине киргизген жок. Мэрдин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Алимжан Байгазаков Мелис Мырзакматов өзү эл менен эртең жолугуп, баарын айтып берээрин билдиргенден кийин чогулгандар тарап кетти.

Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулду. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG