Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Украинада ЕККУнун жыйыны өтүп жатат


Өкмөт Европа биримдиги менен кызматташуу келишимин четке каккандан кийин башталган демонстрациялар дале токтой элек. Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Украинага экономикалык кысым көрсөтүүгө каршы чыкты. Ошол эле убакта өлкөдөгү кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирди:

– Украинанын эли өз келечегин өздөрү аныктагысы келет. Биз болсо алардын өз пикирин эркин билдирүү укугун кепилдейбиз. Соңку окуялар, айрыкча өткөн ишембиде Киевде тынч демонстрацияга күч колдонулушу бизди өтө кабатыр кылды. Украина азыр ЕККУнун төрагасы катары тынч демонстрацияларды коргоого өзгөчө милдети бар.

Өкмөт башчысы Микола Азаров оппозиция менен диалогго даяр экендигин билдирип, ошол эле убакта өкмөттүн отставкасын талап кылган демонстранттарды «экстремисттер» деп атады.

Мунун алдында Европа Парламентинин Украинадагы өкүлдөрү Киевге кайтууга жолдомо алгандыгы кабарланган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG