Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Лондондо Айтматов–85 футбол мелдеши өтөт


Англиядагы кыргыз мекендештеринин футбол командаларынын бири, Лондон, 06.10.2013.

Англиядагы кыргыз мекендештеринин футбол командаларынын бири, Лондон, 06.10.2013.

Дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракеси Британияда бир нече маданий, спорттук, илимий жана адабий иш-чаралар менен коштолот.

Лондондогу Уэмбли багында 7-декабрда Айтматовдун мааракесине арналган КМШ өлкөлөрүнүн студенттери жана дипломаттары арасында футбол таймашы өтөт. Британиядагы кыргыз элчилигинин атайын байгесине жалпысынан 19 студенттик жана дипломаттардан турган командалар мелдешет. Иш-чараны Англиядагы кыргыз дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн сунушу менен Британиядагы казак студенттер коому уюштуруп жатат. Бул тууралуу уюмдун президенти Мадина Томпиева "Азаттыктын" кыргыз кызматына кабарлады.

Жалпысынан Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын курама командалары беттешет. Британиядагы казак студенттер коомунун айтымында, алдыңкы үч орундан тышкары, "Мыкты оюнчу" жана "Мыкты дарбазачы" сыйлыктары ыйгарылат. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG