Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Экология мекемеси "Кумтөрдү" сотко берди


Кыргыз өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги "Кумтөр" компаниясын сотко берди. 15 миллиард сомдук доо арыз Бишкектин экономика маселелери боюнча район аралык сотуна тапшырылды. Экология мекемесинен кабарлашкандай, айлана чөйрөнү булгаганы үчүн "Кумтөрдү" өз ыктыяры менен компенсация төлөтүү талабы былтыр феврал айында эле коюлган. Бирок алтын өндүрүүчү компания 2009-жылкы келишимге шылтап, төлөөдөн баш тарткан. 15 миллиард сом 1996-2011-жылдардагы 16 жылдык ишмердүүлүгү үчүн талап кылынууда. "Кумтөр" компаниясы бул боюнча комментарий жакын арада болоорун айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG