Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:59

Кыска метраждуу тасмалар фестивалы өтөт


Бишкекте "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар" фестивалы өтөт. Келерки аптанын экинчи жарымында өтө турган бул иш-чарага КМШ, Балтия өлкөлөрү жана Грузия катышат. Тасмалар "Манас" кинотеатрында көрсөтүлөт. Мыкты фильм жана режиссура үчүн сыйлык тапшырылат. Калыстар тобун орусиялык кинорежиссер жана сценарист Лариса Садилова жетектейт. Кыргызстандын атынан калыстар курамына режиссер Темир Бирназаров кирди. Быйыл кыргыз киночулары 125 тасма чыгарды, дагы 16сы тартылып жатат. Белгилүү кино таануучу Гүлбара Төлөмүшованын айтымында, алардын элүүгө жакыны толук метраждуу, 27си кыска метраждуу, 48и даректүү тасма. Дагы үчөө - анимация жанрында тартылган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG