Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

Түптө мугалим жасалма диплом алган деп шектелүүдө


Көлдүн Түп районунда мектеп мугалими жасалма диплом менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, прокуратурадан түшкөн материалдарды текшерүү учурунда Михайловка айылындагы орто мектепте иштеген мугалимдин жогорку билим тууралуу диплому жасалма экени аныкталды.

Бир нече ай мурда ушул эле айылда дене тарбия мугалими болуп иштеген жарандын диплому да жасалма экени аныкталган. Ал ишке орношууда Ысык-Көл мамлекеттик университетинин диплому деген документин көрсөткөн. Айыпталуучу тараптан азырынча комментарий боло элек. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG