Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Атамбаев: "Манас" ЮНЕСКОдо таанылышы - жакшы жышаан


"Манас" үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмесине кыргыздардын атынан каттоо тууралуу чечимдин кабыл алынышы жакшы жышаан. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев "Манас" үчилтигинин ЮНЕСКО тизмесине киришине байланыштуу кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирди.

- Бул эгемендик жылдарындагы Кыргызстандын маданий жана коомдук турмушундагы өзгөчө маанилүү окуя. Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы жолуна кадам шилтеп, парламенттик демократияны калыптандырып жатканда ушундай чечимдин кабыл алынышы жакшы жөрөлгө, жакшы жышаан, - деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле "Манас" атабыздын башкы осуятын - көп улуттуу Кыргызстандын биримдигин жана ынтымагын көздүн карегиндей сактап калууга милдеттүүбүз!",- деди.

4-декабрда Бакы шаарында эл аралык жыйында "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG