Жалал-Абадда он айда 222 адамды ит-мышык тиштеген, алардын 110у, башкача айтканда, тең жарымы он төрт жашка чейинки балдар. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык санитардык-эпидемиология станциясы кабарлады. Баардыгы учурунда тиешелүү эмдөө алгандыктан кутурма оорусуна эч ким чалдыккан жок. Шаарда он ай ичинде 2900 жолбун ит-мышык атылып жок кылынды. (YA/RK)