Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Кыргызстан АКШ менен экономикалык байланышты бекемдөөгө кызыкдар


Кыргызстан АКШ менен экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Киевде АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал айым менен жолугушууда айтты. Тараптар эки өлкө ортосундагы байланышты өнүктүрүү, Кыргызстанда демократиялык жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү, парламентаризмди бекемдөө тууралуу сүйлөштү. Бул күндөрү Киевде УККУ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы дипломаттарынын жыйыны өтүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG