Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:16

Балыкчы - Каракол унаа жолун буугандардын саны өсүүдө


Жети-Өгүз районунун Чычкан айылынын тушунда Балыкчы - Каракол унаа жолун буугандардын саны өсүүдө. Нааразылык акциясынын катышуучуларынын айтымында, 300дөй киши чогулду. Ал эми милициянын айтымында, ал жерде 100гө чукул адам турат. Митингчилер бүгүн үйүнөн кармалып кеткен жаш активист, Чычкан айылынын тургуну Сейитбек Куланбаевдин тез арада бошотулушун талап кылууда. Алардын пикиринде, Куланбаевди күч кызматкерлери кармап кетти. Ал эми милиция бул окуяга эч тиешеси жок экенин "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Жети-Өгүз районунда бир нече айдан бери Кумтөр алтын кенин улутташтырууну талап кылган нааразылык акциялары өтүп келүүдө. 7-октябрда Караколдо өткөн митинг өкмөт өкүлүн барымтага алуу, башаламандык менен аяктап, бул үчүн 8 митингчи соттолууда. Митингчилер Караколдогу окуяны бийлик тарабынан жасалган провокация деп атап келет.(MK/RK)

XS
SM
MD
LG