Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Москва орус дипломаттарына коюлган айыпты сынга алды


Бейшемби күнү Нью-Йорктун федералдык прокуратурасы Орусиянын 49 жаранын - - мурдагы жана азыркы дипломаттарды, алардын үй-бүлөлөрүн көз боёмочулук кылган деп айыптаган. Алар жардыларды колдоочу Medicaid программасын мыйзамсыз пайдаланып, казынага 1, 5 миллион долларга жакын зыян келтирген деп шектелүүдө. Аларга эки берене боюнча (мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз ыйгарып алган жана медициналык мекемелерди алдаган) деген айып коюлган. Прокуратура орусиялыктар дипломаттык кол тийбестик укугуна ээ болгондуктан, камалары күмөн дейт.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябовдун билдиришинче, айыптоолор орустардан коркууга үндөөчү “русофоб күчтөрдүн” чырагына май тамызат. Анын айтымында, дипломаттык иммунитетке ээ жана дипломаттык паспорттору бар адамдарды мыйзамсыз аңдуунун негизинде топтолгон маалыматтарга таянып айыптоо эл аралык нормаларга сыйбайт.

XS
SM
MD
LG