Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Президент Янукович мекенине баратып, Сочиге бурулду


Украин президенти Виктор Янукович Кытайдагы ырасмий сапардан кайтып келатып, Орусияга токтоп өтөт. Янукович Кара деңиз боюндагы Сочи шаарында орус президенти Владимир Путин менен кездешээрин Украинанын УНИАН агенттиги кабарлады.

Кремль мындай маалыматты тастыктай элек. Янукович төрт күндүк сапарын карытып, түз эле Киевге учуп келет деп боолгонуп жаткан. Ал эми европачыл митингчилер бийликтин эскертүүсүнө карабай, бүгүн да өкмөттүк имараттарды камалоону улантууда. Киев полициясынын акими Валерий Мазан, соттун 2-декабрдагы өкүмүнө ылайык, Өкмөт үйүн тосмолоо токтотулбаса, полиция күч колдонорун эскертти.

Митингчилер президент Виктор Янукович Кремлдин кысымынан улам Евробиримдик менен Эркин соода жана Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү келишимге кол коюудан баш тартканга байланыштуу өткөн жекшембиден тарта өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG