Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Юлия Тимошенко сотко кайра барбай койду


Харьков шаарында Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун соту 6-декабрда кайра уланды. Бирок, бүгүн кабарлангандай, экс-премьер сотко катышуудан кайрадан баш тартты.

2012-жылдын апрелинен бери Тимошенко келбей коюп, сот 10 жолудан көп ирет болбой калган.

1990-жылдары ал баштаган энергетикалык менчик компания миллиондогон доллар салык төлөгөн эмес деп айыпталууда. Тимошенко өзүн акмын деп айтып келет. Бийлик укугун натуура пайдаланды деп 7 жылга кесилген Юлия Тимошенко азыр Харьковдо түрмө ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлү астында жатат.

Ноябрда Украин парламенти, Батыштын талабына карабай, Тимошенкону Германияга дарыланууга уруксат берген мыйзамды кабыл албай койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG