Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

Орусия жылына 300 миң эмгек мигрантына муктаж


Орусиянын эмгек базарына 2025-жылга барып, 10 миллион жумушчу керек болот. Бул жөнүндө Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский билдирди. Анын сөзүнө караганда, жумуш ордун толуктоо үчүн Орусия жылына орточо 300 миң мигрант кабыл алып, аларды жарандык алууга жана отурукташууга кызыктыруусу абзел.

Ромодановскийдин айтымында, Экономикалык өнүгүү министрлиги даярдаган узак мөөнөттүк прогноз боюнча, 2025-жылга өлкөдөгү улуу курактагы адамдардын саны 10 процентке көбөйөт. Ал бирок эмгек мигранттары Орусиянын салт-адаттарын урматоосу керек жана “коомдук жайларда шашлык бышырып жана лезгинка бийлеп жүрбөш керек” деп кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG