Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Мырзакматовдун тарапкерлери митингге чыкты


Борбордук аянтта чогулгандар Мелис Мырзакматовду кайра ордуна коюуну талап кылышууда. Митингде сүйлөгөндөр арасында борбордук бийликтин кызматтан кетишин талап кылгандар да бар.

Байкоочулардын болжолунда аянтта эки миңдей киши бар жана алардын арасында камактагы депутат Акматбек Келдибековдун да тарапташтары жүрүшөт. Чогулгандар өз талаптарын аткартуу үчүн митинг мөөнөтсүз улантыларын айтып жатышат. Алар жактап жаткан Мелис Мырзакматов митингичилердин алдына чыга элек.

5-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругуна ылайык Мелис Мырзакматов Ош шаар мэринин милдетин аткаруу кызматынан бошотулган жана чечим жакында боло турган мэр кызматына шайлоо менен негизделген. (ErN/MTo)

XS
SM
MD
LG