Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

Арпачиев: 2014-жылы "кара тизмеден" чыгууга аракеттенебиз


Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгууга аракет жасап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган агенттиктин учуу коопсуздугу боюнча бөлүм башчысынын орун басары Төлөн Арпачиев билдирди.

“Кыргызстан аба каттамдарын тейлөөдө советтик учактарды колдонбой калды. Учурда авиапаркта "Аэробус", "Боинг" сыяктуу учактар колдонулат. Эл аралык деңгээлге чыгып калдык. Келерки жылы Еврокомиссиядан атайын эксперт келет, ал эми жыл ортологондо комиссия чакырып, “кара тизмеден” чыгууга аракеттер болот”, - деди Арпачиев.

Анын айтымында, Кыргызстанда учактардын орточо жашы 20-23 жыл. Бирок учактын коопсуздугу жашына эмес, учкан убактысына карап эсептелет.

Кыргызстандын жарандык авиация кызматы жана авиакомпаниялары 2006-жылдын аягында “кара тизмеге” киргизилген. Эл аралык жарандык авиация жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнөн турган эксперттер тобу ошол мезгилде Кыргызстанда мыйзамдык база эл аралык жарандык авиациянын талаптарына туура келбегендигин, авиакомпаниялардын ишиндеги учуу коопсуздугун, авиация кызматынын ишмердүүлүгүн сындаган. (MTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG