Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Украин оппозициясы бийликке шарт койду


Украин оппозициясы Киевдин борбордук аянтында башаламандыктарды уюштурду делген айып менен кармалган 16 адамды бошотууну, евромайданды күч менен тараткандарды жазалоону жана өкмөттү кетирүүнү талап кылууда. Аталган үч шарт аткарылса, алар бийлик менен сүйлөшүүгө барат.

Киевдеги "Улуттук каршылык көрсөтүү штабында" оппозиция лидерлери Арсений Яценюк, Олег Тягнибок жана Виталий Кличко биргелешип билдирүү жасашты.

Яценюк "техникалык" өкмөт керектигин, ал Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге дароо кол коюуга милдеттүү экенин баса белгиледи.

Яценюк кошумчалагандай, бийлик менен сүйлөшүүдө мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү тууралуу маселе да чечилиши зарыл.


Украинанын борбор шаары Киевде евроинтеграциянын жактоочуларынын нааразылык акциясы калаанын негизги аянтында уланууда.


Украинанын өкмөтү Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коюуга даярдыкты 21-ноябрда токтоткондон кийин бул чечимге каршы болуп, өлкө боюнча нааразылык акциялары башталган. (AiK)

XS
SM
MD
LG