Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Кадыркул Өмүркуловдун тажыясы өттү


Бүгүн белгилүү жазуучу, киносценарист жана публицист Кадыркул Өмүркуловдун сөөгү жерге берилди. Жазуучу менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрында өттү.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кадыркул Өмүркулов 6-декабрда 72 жаш курагында дүйнө салган болчу. Ал 1941-жылы Сокулуктагы Жыламыш айылында туулган. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун бүтүргөн соң, кино тармагында бир нече жыл үзүрлүү эмгектенген. "Бакайдын жайыты", "Каныбек", "Нөшөр" жана башка жыйырмага жакын тасманын сценарийин жазган. Ошондой эле Өмүркулов журналист жана публицист катары белгилүү болуп, Кыргызстан эгемендикти алган соң Кыргыз телерадиокорпорациясынын президенти болуп эмгектенген. Өмүрүнүн акыркы жылдары окутуучулук кесипти аркалап, Кыргыз-түрк “Манас” университетинде иштеген. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.(BkA)

XS
SM
MD
LG