Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Чек ара кыштагына Кыргызстандан жарык тартылат


Ала-Бука районундагы Өзбекстанга чектешкен Көк-Таш айылы Кыргызстандын аймагынан электр жарыгын үзгүлтүксүз ала баштады. Бул үчүн “Жалал-Абад электр ишканасы” райондогу алтын өндүрүүчү “КазакМысГолд” компаниясына караштуу “Бозумчак” электр түйүнүнөн кубаттуулугу 6-18 кВт болгон, он үч чакырымдык электр зымын айылга тартып берди . Буга чейин чек ара айылына электр тогу Өзбекстандын аймагынан күнүнө эртен менен жана кечинде төрт саат гана берилип, кошуна өлкө кааласа өчүрүп да койчу. Бул ишти бүтүрүүгө “Жалал-Абад электр” акционердик коому өз эсебинен 8, 8 миллион сом каражат жумшаган.

Көк-Таш айылында 3700 адам жашайт. Мурда адам өлүмү менен коштолгон чек ара жаңжалдары болуп келген.(YA)

XS
SM
MD
LG