Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Боксчу Азат Үсөналиев жеңишке жетишти


6-декабрда кыргызстандык боксчу, Азия чемпиону Азат Үсөналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясында (WSB) өзүнүн алгачкы турнирин өткөрдү. Кыргызстандын бокс боюнча тандалма командасынын башкы устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Адылхан Бекболотов билдиргендей, Үсөналиев 52 кило салмакта алгачкы атаандашы "Аргентиналык кондорлор" спорт клубунун өкүлү Кристиан Роданы артыкчылык менен утуп алып, адистердин көңүлүн бурду.
"Украин атамандары" жана "Аргентиналык кондорлор" командаларынын беттешүүсү Украинанын Бровар шаарындагы "Терминал" аренасында өткөрүлдү.

Эске салсак Азия чемпиону Азат Үсөналиев "Украин атамандары" жарым профессионал клубу менен келишим түзгөн. Быйылкы сезонду украиналык “атамандар” "Америкалык нокауттар" беттеши менен башташты. Андан кийин Германия, Италия жана Алжирдин клубдары менен күч сынашат. Ушундай таймашуулардын жыйынтыгында эң мыкты мушкерлер 2016-жылы Рио-де Жанейродо өтүүчү Олимпиадалык оюндарына жолдомо алышат. (КМа)
.

XS
SM
MD
LG