Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Германиянын президенти Сочиге барбайт


Германиянын президенти Сочиде 2014-жылдын февралында өтчү кышкы олимпиадалык оюндарга барбайт. Бул жөнүндө жекшемби күнү президенттин администрациясынын өкүлү кабарлады, бирок ал толуктагандай, бул Сочидеги Олимпиадага бойкот жарыялоо эмес. Президенттин маалымат катчысы Германиян мурдагы президенттеринин айрымдары да кышкы олимпиадалык оюндарга катышпаганын белгиледи.

Der Spiegel гезити Гаук Сочиге Орусиядагы адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу барбашын жазып чыккан.

Германиянын президенти 2012-жылы президент болгондон бери Орусияда иш сапары менен боло элек. (AiK)

XS
SM
MD
LG