Жекшемби күнү Багдадда жана анын айланасындагы жардыруулардан 33 адам каза болуп, ондогон адамдар жараат алышты. 11ге жакын бомба көбүнчө шииттер жашаган райондордо жарылды. Жардыруучу заттардын теңи унааларда жайгашкан.
Ишемби күнү Багдадда 16 адам каза болду, алардын ону вино саткан дүкөндөрдүн жанында атылып өлтүрүлгөн. Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, быйыл Иракта жардыруулардан 8 миңге жакын адам ажал тапты. (AiK)