Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Кыйноолорду токтотуу маселеси талкууланат


Бүгүн Бишкекте жабык жайлардагы кыйноону токтотуу жана алдын алуу боюнча жыйын өтөт. Жыйынды Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети бир катар бейөкмөт уюмдар менен биргелешип өткөрүүдө. Ага өкмөт мүчөлөрү, күч органдарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып, Кыргызстандагы жабык жайлардагы кыйноо көрүнүштөрүн азайтуу үчүн аткарылган иштердин жыйынтыгы талкууланат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын тогуз айында кыйноолор боюнча 208 кайрылуу катталган. Алардын 11и боюнча кылмыш иши козголуп, 8и сотко өткөрүлгөн. Бирок укук коргоочулар жабык жайларда кыйноолор токтобой жатканын айтып келишет. Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү Кыргызстанда кыйноо жана мыкаачы мамиле көп кездешчү көрүнүш экенин билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG