Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

«Улуттар биримдиги» бийликке талап койду


“Улуттар биримдиги” саясий партиясынын мүчөлөрү кабыл алган резолюция 10 бөлүктөн турат. Анда партия мүчөлөрүнө кысым көрсөтпөө, камалган депутат Акматбек Келдибековду бошотуу талаптары коюлган. Андан сырткары, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковдун жумуштан кетишин да талап кылып, муну алар Өмүрзаков бийликтин буйругун аткарып атат деп негиздешкен. Резолюцияда Кумтөр кенин Кыргызстандын пайдасы үчүн иштетүүнү суранып, борбордук телеканалдардагы бир тараптуу маалымат берүү ыкмасы токтотулсун деген талап да бар. Соңунда бийлик саясий оюндар менен эмес, элдин социалдык көйгөйүн чечүү алектенсин, деп айтылат.

Аталган резолюция өткөн жума соңунда Ошто Мырзакматовду колдоо максатында уюштурулган митингден соң кабыл алынганын партиянын коомчулук менен байланышуу кызматы бүгүн билдирди.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен Мелис Мырзакматов 5-декабрда Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулган. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар Ошто нааразылык акциясын өткөрүшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG