Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

“Генийге таазим” жумалыгы башталды


Бишкектеги кыргыз-түрк Манас университетинде Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган “Генийге таазим” аттуу жумалык башталды. Анын алкагында окуу жайда бир апта бою Айтматовдун өмүр-таржымалына, чыгармаларына арналган сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтүп, жазуучунун повест-романдарынын негизинде тартылган тасмалар тартууланат.

Жумалыкта Айтматовдун бир тууганы Роза Айтматова менен жолугушуулар да белгиленген. Соңунда адабий-музыкалык кече өткөрүлөт.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы туулган. 2008-жылы оорудан улам кайтыш болгон. Анын 85 жылдык мааракеси Кыргызстанда гана эмес, бир катар чет өлкөлөрдө да белгиленүүдө. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG