Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Ошто митингге чыккандар сурала баштады


Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду колдоп митингге чыккандар суракка чакырыла баштаганын “Азаттыкка” Амир Темир шаарчасынын атын атоону каалабаган жашоочусу билдирди. Ал 7-декабрда Мырзакматовду колдоо митингине барып келген соң милицияга чакырылган. Күч кызматкерлери аны эмне үчүн акцияга чыкканын сурап, 2 саат кармагандан соң коё беришкен.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков митингден соң адамдар күбө катары суракка чакырылып жатканын "Азаттыкка" тастыктады.

- Адамдар митинг учурунда катталган мыйзам бузууларды аныктоо максатында гана суракка чакырылып жатат. Конституциялык түзүмдү кулатууга чакырык таштоо, бийлик өкүлүнө кол салуу сыяктуу иштер боюнча кылмыш иши ачылган. Ага байланыштуу күбөлөр суракка чакырылат.

Мырзакматовду колдоо митингинен мурда, 2-декабрда камактагы депутат Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып чыккандар Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековду курчоого алып, талаптарын айткан. Облакимчиликти кайтарып турган милиция кызматкерлерине таш атылып, 14ү жараат алган. Милициянын маалыматына ылайык, жарандар ошол окуяларга байланыштуу суралып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG