Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Украинада нааразылык акциялары уланууда


Киевде Евробиримдик менен жакындашууну жана президент Виктор Януковичтин кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар акциясын улантышууда. Катуу суукка карабай, Эгемендик аянтына миңдеген киши агылууда. Коопсуздук кызматы Лениндин эстелигин талкалоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Айрым маалыматтарга караганда, кечээги демонстрацияга жарым миллионго чукул киши катышты. Евромайданда түнөгөн активисттер имараттардын айланасындагы тосмолорду бекемдеп жатышты.

Бүгүн эртең менен башкы прокуратура, министрлер кабинети жана президент администрациясы жайгашкан имараттарды пикеттөө үчүн даярдыктар көрүлө баштады. Жекшембиде БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун президент Янукович менен телефондон сүйлөшүп, демонстранттар менен диалогго барууга чакырды. Ал тапта Евробиримдиктин расмий өкүлү Кэтрин Эштондун ушул аптада Киевге бараары белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG