Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Бишкекте ок аткан милициянын иши тергелүүдө


Бишкекте ишемби күнү түнкүсүн ок аткан милиция кызматкеринин иши тергелип жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 7-декабрда “Достук” мейманканасынын жанында болгон. Маалыматка ылайык, Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери менен жөнөкөй жарандардын ортосунда талаш чыгып, орган өкүлү кызматтык куралынан асманга ок чыгарган. Окуядан эч ким жабыр тарткан эмес. Милиция кызматкери ал кезде мас экени айтылып жатат. Тергөө амалдарына байланыштуу аты-жөнү ашкереленген жок. (SE)

XS
SM
MD
LG