Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Янукович оппозиция менен сүйлөшөт


Украина президенти Виктор Янукович оппозиция менен тегерек үстөл өткөрүү сунушун колдоду. Андай демилгени экс-мамлекет башчы Леонид Кравчук көтөргөн. Янукович шейшембиде кризисти чечүү жолдорун мурдагы 3 президент менен талкууламакчы.

Дээрлик 3 жумадан бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек. Оппозиция жетектеген демонстранттар Евробиримдик менен интеграцияны жана Янукович менен өкмөт башчы Микола Азаровдун кызматтарынан кетишин талап кылышууда.

Бүгүн нааразылык акциясынын координаторлору демонстранттарды Киев мэриясынын имаратынан чыгууга үндөштү. Анын алдында акциялардын очогуна милиция кызматкерлери жайгаштырыла баштаган.

Бомба коюлганы тууралуу эскертүүдөн кийин метронун бир нече станциясы жабылды. Жекшемби күнкү акцияга жарым миллиондой киши чогулганы кабарланган. Коопсуздук органдары болсо Лениндин эстелигин талкалоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG