Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Путин мунапыс долбоорун Мамдумага жөнөттү


Орусиянын президенти Владимир Путин орус Баш мыйзамынын 20 жылдыгына карата мунапыстын долбооруна кол коюп, Мамлекеттик Думага жөнөттү. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматынан кабарлашты. Орус президенти бул мунапысты кылмышкерлерди жазадан эрте бошотуу эмес, өкмөттүн гумандуу саясаты катары кабыл алуу керектигин белгилеген.

Буга чейин орус маалымат каражаттары мунапыска Арктикада мунай өндүрүүгө каршы акция өткөрүп жатып кармалган “Гринпис” экологиялык кыймылынын мүчөлөрү жана Pussy Riot панк тобунун музыканттары илиниши мүмкүн экенин жазып чыккан. Бирок өткөн жумада премьер-министр Дмитрий Медведев мунапыска мамлекетке жана коомго каршы оор кылмыш кылгандар илинбейт деп, Pussy Riot тобунун музыканттары менен мурдагы олигарх Михаил Ходорковскийдин эркиндикке чыкпай турганын каңкуулаган.

XS
SM
MD
LG